www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус чыккандан бери Кытай эмне пайда көргөнү тууралуу CNN NEWS  басылмасы жазып чыкты.

1. Кытай жаңы муундун биологиялык согушуна натыйжалуу даярданды. Алар машыгууларды өткөрүп, дүйнөгө мастер-класс жана Кытайга жасаган каршы согушту натыйжасыз экендигин көрсөтүштү.

2. Калкты каттоо жүргүзүлдү. Тез жана натыйжалуу.

3. Санарип диктатурасын катуулады. Социалдык тармактарды жана баардык байланыштарды көзөмөлгө алды.

4. Алар каалаган адамдын бардык социалдык тармактарын тез эсептөө системасын түзүштү: ким менен байланышта болгон, унаада жүргөн, кайда болгон жана ким менен сүйлөшкөн.

5 Бардык мыйзамсыз иммигранттар аныкталып, көпчүлүгү өлкөдөн чыгарылды.

6. Жеңил режимде көптөгөн чет өлкөлүктөр сыртка чыгарылды. Алар өзүлөрү эвакуациялоону көздөшкөн. Калгандары аныкталып, көзөмөлгө алынды.

7. Бүтүндөй өлкөдө массалык жана кескин бөгөттөө механизми иштелип чыккан.

8. Кытай эмнеге жөндөмдүү экендигин бүт дүйнөгө көрсөттү. 1,5 миллиард адамды толугу менен карантинге салып, барына беткаптарды кийгизип, ошондой эле бир жуманын ичинде оорукана курушту.

9. Бүткүл өлкөдө гигиенаны кантип көзөмөлдөө керектигин үйрөтүштү.

10. Жапайы жаныбарларды тамак-ашка кошпоо керектиги жөнүндө мыйзам кабыл алышты.

11. Бүткүл дүйнө Кытайдан көз карады экендигин көрсөттү.

12. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча өндүрүш чынжырларын тоңдуруп, дүйнөлүк кризисти пайда кылды.

13. Полиция жана жооп кайтаруу кызматтарында дрондорду жана автоматташтырылган көзөмөлдөө шаймандарын колдонуу кеңири жайылды.

14. Берилген аномалияларды автоматтык эсептөө менен массалык тепловизордук системасын кайра түзүү.

15. Бет каптарды кийип жүргөн адамдардын бетин таануу менен видеокамералардын иштөө алгоритмдери өркүндөтүлдү, эми инсанды таанууда адамдын жүрүм-туруму да эске алынды.

16. Товарларды автоматтык түрдө жеткирүү үчүн массалык жана тез түзүлгөн системалар.

17. Кайра электрондук концлагердин системасы.

18. Гонконгдогу митингдер токтоду жана ал жакта Кытай бийлигинин таасири күчөдү.

19. Негизгиси:

Дүйнө кризиске дуушар болуп жаткан учурда, Кытай андан чыгып кеткен жана даяр:

-Арзандап калган активдерди сатып алууга 

-Финансылык жактан алсырап калган мамлекеттерге жардам берүү менен өзүнүн глобалдуу таасирин көбөйтөт. 

-Мунай баасынын төмөндөшү.

-Жаңы союздарды жана альянстарды түзүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости