www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги иттерди желе турган жаныбарлардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги бул жаныбарлар дүйнөдө үй жаныбарлары катары таанылгандыгы менен Кытайда мындан ары мал катары каралбай тургандыгын түшүндүрдү.

Ошондой эле алар "адамзат цивилизациясынын жана коомчулуктун жаныбарларга камкордугунун өнүгүшүнө байланыштуу иттер адамга шерик жаныбарга айланды" деп документ кабыл алышкан.

Ал эми  документтин пайда болушу жаңы коронавирус жапайы жаныбардан адамга жуккан деген шектенүүнү күчөткөнүнөн келип чыккан.

Белгилей кетсек, февраль айында коронавирустун жайылуусуна байланыштуу өлкөдө жапайы жаныбарларды азык катары колдонууга убактылуу тыюу салынган. Аларды көбөйтүү жана сатуу лицензиялары кайтарылып алынган.

Бийлик буга биротоло тыюу салынат  деп убада берген. Ошол эле учурда, расмий тизмедеги жаныбарлардын 13 түрүнө чектөө коюлбайт. Аларга бугу, альпак, кыргоол, төө куштар жана түлкү кирет.

Бул тизме кеңейтилиши да ыктымал, документ 8-майга чейин коомдук талкууга чыгарылды.

Ошондой эле Гонконгдогу «Animals Asia» жаныбарларды коргоо уюмунун маалыматына караганда Кытайда азык үчүн жылына 10 миллионго жакын ит өлтүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости