www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция кызматкерлеринин наркологиядан эч кимге баш ийбей, ызы-чуу чыгарган видеосу Фейсбук социалдык тармагына жарыяланды. Видео-тасмада “4 милиция кызматкери мас болуп кармалды дегендер” деп айтып жаткан үндү угууга болот.

Белгилей кетсек, Бишкекте коменданттык саат учурунда мас болгон төрт милиция кызматкери кармалганын, алардын үчөө унаа айдап бара жатышканын, бүгүн, 10-апрелде жергиликтүү булактар коопсуздук кызматкерлерине шилтеме берип, жазып чыгышкан.

Маалыматта ушул жуманын башында, коменданттык саат учурунда, Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн эки кызматкери кармалган, алар экөө тең унаа айдап жүрүшкөн.

Ошондой эле, дагы эки күзөт полкунун милиционерлери кармалган, алардын бири унаа айдап, экинчиси анын жанында отурган. Учурда бардык фактылар катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости