www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Рамазан айынын башталышы менен коронавирустун жайылышына каршы өлкөдө төрт күндүк коменданттык саат киргизди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын 31 провинциясына бул убакыттын ичинде наабайкана, оорукана, дарыкана жана дары өндүрүүчү жайлар гана ачык болот.

Белгилей кетсек, Түркияда 23-апрель орозонун биринчи күнү деп жарыяланган.

Рамазан айы башталып жаткандыктан, азык-түлүк дүкөндөрү бейшемби жана жума күндөрү эртең мененки саат 9дан баштап, түштөн кийинки саат 2ге чейин ачык болот.

Бирок, ишемби жана жекшемби күндөрү дүкөндөр жабык болот.

Акыркы маалыматтарга таянсак, өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 98 миң 674кө жетип, алардын ичинен 2 миң 376 адам каза болду. Илдеттен айыккандардын жалпы саны 16 миң 477 адамды түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости