www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

"Урматтуу мекендештерим!

Ардактуу мусулмандар!

Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Отуз күн кармаган Орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!

Туткан Орозоңуздарды Кудайым кабыл кылсын!

Жараткан Аллах элибизге ынтымак, жергебизге тынчтык берсин!".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости