www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги саясатчы Улукбек Маматаевди кепке тартып, премьер-министрди отставкага кетирип, саясий эрки бар, конституциялык укуктарын жакшы түшүнгөн, ыйгарым укугун пайдалана билген адамды жынысына, партиясына, улутуна карабай дайындашыбыз керек деген  оюн айтты.

--Улукбек мырза, неге бүгүн эки кишинин бири эле премьер-министрди   отставкага кетишин каалап калды. Ал турсун премьер-министр болууну каалаган саясатчылар да  өздөрүн ачык эле көрсөтө башташты. Бул жагдай эмнеден кабар берет?

--Бул нерсенин баары премьер-министр кызматтан эчак эле кетиши керек болчу дегенди түшүндүрөт. Бирок, ага карабай моралдык укугум бар деп көгөрүп отурат. Өзүнүн милдетин, кызматына  так аткара албай жатканы  өзүнө деле көрүнүп атса керек. Ага болбой  өжөрлөнүп, кур намыска  салып, өзү да кыйналып ,элди да кыйнап жатат. Мындан эч ким пайда таппайт.  Ошон үчүн эрте күндү кеч кылбай, ишин жөндөй албай жатканын мойнуна алып, өз эрки менен эле кызматтан кетип калса болмок.

--Сиз антип айтканыңыз менен кемчилиги менен кошо жетишкендиктери бар дегендер да бар го?..

--Эгер жакшы иштесе, эки жылдын  ичинде  көзгө илинер бир иш кылат эле го. Тагыраагы, жок дегенде бир  ишкананы  жумушка киргизип, аз болсо да жумушсуздарды иш менен камсыз кылат эле го.  Эгер мен жалган айтсам сиз айтыңызчы, канча жумушчу орун түздү? Карыз алгандан башы чыга элек. Булар алган  карыздарды эртең ким төлөйт деп ойлонбойбу? Же мен кеткенден кийин бириң өлүп, бириң кал деген принципте  иш кылып жатышабы? 

Алыс кетпей акыркы эле окуяларга көз жүгүртүп көрөлү. Премьери баш болуп, Саламаттыкты сактоо министри  төш болуп, “Кыргызстанга оору келсе башыбыз менен жооп беребиз”- деп бүт элге жар салышпады беле. Кана жооп бергени? Министрди гана кызматтан алып  тим болушту. Ушул өкмөттүн чабалдыгынан улам, бүгүн Кыргызстанда оорунун саны 600дөн ашты. Болгондо да үчтөн бири дарыгерлер. Ушу кантип болсун, айта берсе сөз көп. Кыскасы,  премьер министр отставкага  кетиши керек. Жөн эле кетип калбастан,  сөзсүз жоопкерчилигин караш керек.

--Демек, карантин бүтсө, премьер-министрдин отставкасын талап кылып чыгышы мүмкүнбү?

--Мүмкүн.

--Ашуудан ат алмаштырбаш керек. Азыр премьерди алмаштыра турган учур эмес дегендер да бар го?

--Элди угуш керек. Укпай жатып бүгүнкү жашоого келдик. Күчтүү премьер министр келсе жагдай кескин жакшы жакка өзгөрөт. Дагы бир жолу кайталайм. Ал үчүн саясий эрки бар, конституциялык укуктарын жакшы түшүнгөн,  ыйгарым  укугун пайдалана билген  адам келиши керек. Премьер-министр тааныш, билиштик менен тандабай, кырдаалды эске алып,  конкурс жарыялап, программасы мыктысы, күчтүүсүн жынысына, партиясына карабай тандашыбыз керек. Ошондой жолго барганда гана Кыргызстан өнүгөт. Болбосо, бирин алып келип, бирин кетирип элди кыйнай беребиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости