www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу коменданттык саат күчөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн коменданттык саатты күчөтүп, Түркиянын шаарларына сапарга чыгууга тыюу салды. Коменданттык саат 19:00дөн таңкы саат 05:00гө чейин болот. Ошондой эле өлкөнүн башка шаарларына да каттоого убактылуу тыюу салынган.

Айта кетсек, 12-апрель күнү Орусия Түркияга болгон чартердик аба каттамын 15-апрелден 1-июнга чейин токтоткон.

Түркиянын саламаттыкты сактоо министри өлкө коронавирус илдетинин эң оор баскычынан өтүп жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости