www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Анкарада Түркия Республикасынын президентинин аппаратынын Коммуникация кызматынын башчысы Фахреттин Алтун менен жолукту.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маанилүү маектин жыйынтыгында маалымат айдыңындагы кызматташуунун жаңы келишимине кол коюу сунушу берилди.

Мындан тышкары, эки өлкө коомчулугун кино жана сериалдарды алмашуу аркылуу ары кызыктуу, ары пайдалуу контент менен камсыз кылуу аракетин ишке ашыруу боюнча конкретүү кадамдар белгиленди.

Ошондой эле Фахреттин Алтун жакынкы арада медиа кызматташуунун натыйжалуулугун арттыруу максатында Бишкекте ТРТ каналынын кеңсесин ачуу демилгесин сунуштады. Ошону менен катар эки өлкө ортосундагы достуктун символу катары жемиштүү иш алып барып, Орто Азиядагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кирген Кыргыз-Түрк Манас университетинин билим берүүдөн сырткары, маданий чөлкөмдө да маанилүү борбор иретинде кызмат өтөөрү белгиленип, бул багытта орток долбоорлор боюнча кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Фахреттин Алтун аталган университеттин камкорчулар кеңешинин төрагасы катары баардык тараптан тыгыз иш алып барууну демилгеледи.

Өз кезегинде министр Кайрат Иманалиев маалымат жана медиадагы бай тажрыйбасына таянуу менен ар сунушка негиздүү пикир калтырып, кызматташууну эффективдүү жолдорун айтып, жолугушуу максаттуу жыйынтыкталды.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда, буга чейин КТРК жана ЭлТР каналдарынын кызматкерлеринин ТРТга тажрыйба алмашып келген телерадио кызматкерлери үчүн мүмкүнчүлүк кайрадан улана тургандыгы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости