www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финполдун мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзүнүн дарегине айтылган маалыматтар боюнча түшүндүрмө берди.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалар Сыймык Жапыкеев чоң кызматка бараарын айтып чыгышкан.

Анын айтымында, ал азыркы жумушуна ыраазы жана эл үчүн иштөөнү уланта бермекчи.

«Достор мунун баарын токтотуш керек. Түшүнөм, пандемия экономикага өтө терс, күчтүү соккуну баарыбызга урду, туристер жок, көп жумуш орундар бош турат. Бирок, сабыр кылалы. Кайдыгер болбойлу. Жакшы турмушта келет буюрса.

Эми достор бул видео тууралу, баары башкача:

Биринчиден мени бут облус жетекчилиги, прокуратура жамааты жакшы тосуп алышты, буюрса облустун маселелери менен таанышып жатабыз. Облустун губернатору болом деп чуркаган же ойлонгон эмесмин, өзүмдүн эле жумушум жакшы, мыйзамдуулук, адилеттүүлуктү облуска иштетсек, элдин керегине жарасак да жаман иш эмес. Калптын чеги болбойт экен. Ушинтип эле мени жамандап бүтпөй коюшту.

Буюрса Көлдү тегеренип эл менен түздөн-түз кезигебиз, көйгөйлөрүн облус жетекчилиги менен угабыз.

Достор сак саламатта болуңуз. Эл үчүн иштегенге даярбыз», - деп белгиледи ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости