www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенде изделип жаткан кыз табылды

Кечээ, 13-апрелде Баткен облусунун Базар-Башы кварталынын Закир кызы Айхан аттуу тургуну дайынсыз болуп изделип жатканы айтылган. 

Ал 12-апрель күнү болжол менен саат 11:00 чамасында Баткен районунун Бужум айылында күйөөсү менен чогуу жашаган үйүнөн чыгып кетип кайрылып келген эместигин айтышкан. 

Баткен облустук милициясынын маалыматына ылайык, аталган 22 жаштагы келин кечээ, 13-апрелде кечке маал табылган.

"Баткен РИИБнин кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн Закир кызы Айхан 13-апрель күнү кечке жуук Баткен шаарынан табылды. Анын ден-соолугу жакшы, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кайда жана эмне кылып жүргөнү тергөөдө аныкталат", - деп билдиришти Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости