www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекетке чыккынчылык кылган деген шек менен эки кыргызстандыкты кармады.

Кактус медиа басылмасы кармалгандардын бири саясатчы Марат Казакбаев экенин күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазды.

Мекеменин басма сөз кызматы 13-апрелде М.К. жана М.Т. аттуу жарандар мамлекетке чыккынчылык кылганы тууралуу далилдер бар экенин кабарлаган.

УКМК мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт.

Тергөө иштеринин натыйжалары боюнча кененирээк маалымат коомчулукка берилмекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости