www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиялык укук коргоочу Эбру Тимтик 238 күндүк ачкачылыктан кийин 43 жашында Стамбулдагы ооруканада көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал терроризмге байланыштуу өзү жана кесиптештери кабылган сот ишинде акыйкаттык болушун талап кылып, ачкачылык жарыялаган.

Эскерте кетсек, Эбру Тимтик жана анын 17 кесиптеши радикал “Революциялык элдик боштондук партия фронту” менен байланышы бар деп айыпталган. Бул уюм Түркияда жана бир катар өлкөлөрдө террордук деп таанылган.

2019-жылдын март айында Тимтик 13 жарым жылга эркинен ажыратылган. Ал быйыл февралда кесиптеши Айтач Унсал экөө ачкачылык жарыялашкан. Унсал дагы оор абалда экени айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости