www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актриса, телеалпаруучу Назира Айтбекова ырчы Саламат Садыкованы колдогон билдирүү жазып чыкты. Төмөндө анын жазгандары толугу менен:

“Азыркы заман бири бирибизди аябай, жүрөк оорутуп, каалашынча төпөштөп калган заман! Чыгармачыл адам назик болот. Эртең Саламат эженин саламаттыгына доо кетип, бир нерсе болуп кала турган болсо, тепкилеп аткандардын абийирине түшөт. Сөздү көтөрүү оңой эмес. Илгери таза кыргыздар сары, көзү көк, бою узун болгон да! Туурабы? Азыр күзгүдөн карансаңыз, монгол кебете турат. Далай согуш болгон, басып алмайлар, эки элди бириктириш үчүн кыз алып – бермейлер ж.б. көп болгон да. Сөздүктү алып карап көргүлө? Таза кыргыз сөзүн табууга мүмкүн эмес! “Мугалим” сөзү- араб сөзү. Фарс, араб, монгол, орус, англис, немец ж.б. тилден кирген сөздөр көп. Ар бирибиздин каныбызды текшерсек, бир улуттуку эмес көп улуттун каны чыгат.

Ютубда бир видео бар. Башка улуттун өкүлдөрүн жек көрүп, жектегендерди чогултуп, канынын анализин алып чыгарганда, жек көргөн улуттун каны жана башка улуттун аралашма кандары чыккан. Бетине түкүрүп аткан улуттан кечирим сурашкан. Анын сыңары биз бири бирибизди жектеп, жек көрө албайбыз! Биз бир канбыз баарыбыз! Адам баласы динине, дилине, улутуна, тилине, карабай, бири бирибизди сүйө алган учур келет деп ишенем! Ар улуттан досторум бар. Ар биринин салтын, тилин, маданиятын сыйлайм! Бизди дүйнөдөгү тынчтык, достук идеясы бириктирип турат! Ичибизде ушунча жек көрүү, бирөөнү төпөштөп, негатив чыгаруу, ушактоо, каралоо деген жаман сапаттар бириккен. Тазаланалы! Жакшы көрөм!”, – деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости