www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, элдин ынтымагын, жердин бүтүндүгүн сактоо ар бир адамдын ыйык милдети экенин баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлап, анын куттуктоо сөзүн жарыялады.

Мамлекет башчы быйылкы майрам пандемияга туш келип калганын айтып, аны элдин биримдиги менен гана жеңүү мүмкүн экенин белгилеген.

"Бүгүн мамлекетибиз үчүн улуу күн. Көз карандысыздыгыбыз — эң ыйык дөөлөтөбүз, эң бийик сыймыгыбыз. Эгемендигибиз — ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп бизге калтырган ыйык мурасыбыз. Эркиндигибиз — ар бирибиздин жүрөгүбүздүн тереңинде жашай турган сезимибиз. Улуулардан алып, урпактарга өткөрүп берчү аманатыбыз. Жалпы дүйнөнү алдастаткан пандемия биздин мамлекетти да чоң сыноого туш кылды. Кыйын күндөрдү өткөрдүк. Бирок биз күрөштү тынбай уланттык. Кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калган жокпуз. Бул апааттан кутулуу мамлекеттик бийликтин аракетинен гана эмес, коомдун биримдигинен жана жоопкерчилигинен көз каранды экенин көрдүк", — деп айтылат өлкө башчынын куттукттоо сөзүндө.

Жээнбеков саламаттык үчүн болгон кармашта эл өзүнүн сабырдуулугун жана кайрымдуулугун көрсөткөнүнө да токтолгон.

"Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык. Ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык. Элибизде "алам" дегенден "жардам берейин" дегендер көп экенин көрдүк. Дээрлик баардыгыбыз жардамга муктаждарга колубузду сундук. Арабызда мына ушул күндөрү чоң күчкө айланган ыктыярчыларыбыздын эң кенжелери отурат. Көзгө көрүнбөгөн душманды жеңүүгө кыялындагы жактырган буюмун алууга топтогон каражатын берген ушул балдарыбыздын келечеги кең болсун, тилектери ишке ашсын", — деген президент.

Мамлекет башчы коронавирус менен күрөшкөн ар бир адамга анын ичинде дарыгер, тартип сакчы, аскерлер, ыктыярчылр, ишкерлерге ыраазычылык билдирип, оорудан көз жумгандардын жакындарына көңүл айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости