www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган, Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы жазып чыкты. 

Эки тараптын сүйлөшүүсүндө Чыгыш Гутада болуп жаткан адамзаттык трагедиясынан баштап, Сириядагы акыркы абалдарга чейин талкууланып, БУУнун коопсуздук кеңешинин 2401 номердеги токтомуна ылайык Чыгыш Гутада ок атпоонун толук түрдө жүзөгө ашырылышы үчүн өзгөчө Түркия, Орусия жана Ирандын биргелеше аракет кылышынын чоң мааниси болгонун баса белгилешкен. 

Президент Эрдогандын, Афринде террор элементтерине каршы Түркиянын жүргүзгөн операциясы туурасында маалымат бөлүшүүнү каалаган сүйлөшүүдө, эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолуп,  Түркия, Орусия жана Ирандын алдыдагы айда лидерлер деңгээлинде Стамбулда өткөрө турган үчтүк саммит тууралуу пикир алмашып, Сириянын Хмеймим аэродромунда кыйраган учактан курман болгондорго көңүл айтты. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости