www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каалагандардын баарына бекер секс убада кылып, жаткан мейманканасынын бөлмөсүнөн бери жар салып, ага кошо жарым жылаңач кылыктанган видеосун жарыялаган 19 жаштагы бийкечке кызыккан эркектердин катары бат эле калыңдап кетти. А түгүл бекер кумарды эңсеп келген эркектердин көптүгүнөн мейманкананын иши үзгүлтүккө учураганын дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазып чыкты.
 
Социалдык тармакта Qianjin Yeye деген ник менен катталган кыз: “Мага келгиле... Секс... Бекер берем” деген жарыя калтырып, ага жарым жылаңач кылыктанган видеосун кыпчыган.
 
Айрым маалыматтарга караганда, жарыяда көрсөтүлгөн мейманканага дароо эле үч миңдей эркектана келген, дагы бир канчасы телефон чалган. Мындан улам шашып калган шок кыз кийинки постунда тек гана тамашалап койгонун жазып, тынчын албоону өтүнгөн. Бирок кеч болуп калган эле.
 
Бул окуя Кытайдын Санье шаарындагы Hilton отелинде болгон. Бекер секс эңсегендердин төө бастысында калган отелдин кызматкерлери полицияга кайрылып, алар келгенче кылыктанган кыз качып кетүүгө үлгүргөн. Бирок полиция аны башка мейманканадан таап, сойкулук жана отелдин ишине залака келтиргени үчүн айыптоо менен 15 суткага камады. Мындан тыш 57 евро айып салып, соцтармактардагы аккаунттарын убактылуу жаап салды.

Булак: "kundemi.kg"

Последние новости