www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын түштүк-батышында, Ооганстан менен чектеш аймакта жайгашкан калктуу конуштун жашоочулары соңку мезгилде кырдаал кооптуу боло баштаганын билдиришүүдө. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматынан маалымдашты.
Жергиликтүү тургундар “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысына түнкүсүн мылтык үндөрү угулуп, кез-кезде куралдуу жоочулар менен жүздөшүп калып жатышканын айтышкан.
Калаимор кыштагы Серхетабад чек ара тозотунан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.
– Бул аймактарда түтүн аз. Чабандар бир нече жолу оогандарды көрүшкөн. Бактыга жараша, карапайым эл менен кагылышуу каттала элек, – деди кабарчы.
Кырдаал кооптуу болуп бараткандыктан жашоочулар чек арадан алыс аймактарга көчүп кетүү жөнүндө ойлонушууда.
Булак: NazarNews.kg