www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Авcтралиянын Мюррей аралында жергиликтүү тургундар кызыктуу картинаны видеого тартып алышкан. Анда акулалар жээкке чыгып алып кумдун үстүндө бийлешкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар билдирди.
Жергиликтүү тургун Уильям Беронун айтымында, бул көрүнүштү аралда “пипи” бийи деп аташат. Акулалар мезгил-мезгили менен жээкке чыгып, молюскаларды жеп, күлкүлүү айланып жыргашат.
Беро 20дай акулалардын бийлеп жаткан жеринен видеого тартып алган.
“Акулалар Мюррей аралынын жашоочулары үчүн тотем жаныбарлары. Бизди эмне курчап турса, ошонун баарын сыйлайбыз, ыраазычылык билдиребиз, балык уулоо менен коркунуч туудурбайбыз жана зыян келтирбейбиз”,-деп Бюро кошумчалаган.
Маалым болгондой, акулалар деңиз жыландары, балыктар жана молюскалар менен азыктанышат. Жээкке алар атайын бир убакта пайда болушат. Суунун деңгээли төмөндөп калганда. Жаныбарлар ушул убакты атайын күтүшөт, анан убакыт келгенде жээкке чыга башташат.
Булак: NazarNews.kg