www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара маселеси боюнча өкмөттүк комиссия ишти жакшы алып барбай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев билдирди.

--"Биз эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду. 30 жылда 32 өкмөт алмашты. Биз достукта жашап келген өзбек, тажик эли менен чек араны азыркыга чейин так аныктай алган жокпуз. Мунун айынан чыр-чатактар токтобой келет. Биз кошуна мамлекет менен ынтымакта, достукта жашашыбыз керек. Баткен, Жалал-Абад облусундагы окуя болду. Чек ара кызматкерлери чек араны кайтарып жатат, алар элге түшүндүрүү иштерин жергиликтүү бийлик жүргүзүшү керек. Бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери жакшы жүрбөй жатат. Ошол бийлик эл менен тыгыз байланышта иштесе чыр-чатак аз болмок. Өкмөттүк комиссия дагы жакшы иш алып бара албай жатат. Комиссиянын түзүмүн кароо керек. Жыл сайын өкмөт алмашкан сайын комиссия мүчөлөрү дагы алмашат. Мисалы жолугушууга барганда даярдыгы жок барып жатышат. Кошуна мамлекеттегилер "комиссиянын мүчөлөрү даярдыгы жок келип" жатат деп айтып жатышат", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости