www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Nazarnews маалымат агенттиги экс-депутат Турсунбай Бакир уулу менен спикерлик кызматтын талашка түшө баштаганы боюнча баарлашып, аты аталгандардан ким татыктуу экенин билүүгө аракет кылдык.

-Турсунбай агай, неге спикерди алууга ашыгып, депутаттар арасында кол топтоо башталды?

-Садыр Жапаров президенттик шайлоого барам деп жарыялагандан кийин Садыр Жапаровду жек көргөн Жогорку Кеңештегилерге да, башкаларына да жан кирди.

Садыр шайлоого катышуу үчүн Конституция боюнча ээлеген бардык кызматтардан кетүүгө аргасыз. Ошондо президенттин милдетин аткаруу кызматынан да, премьер-министр кызматынан да кетип, шайлоого катышат.

Азыркы Конституция боюнча Садыр Жапаровдун ордуна президенттин милдетин аткаруучу болуп, Жогорку Кеңештин төрагасы креслого отуруш керек болуп калат. Бирок азыркы спикер Канат Исаев «мен президенттин милдетин аткара албаймын» деп 15 күн мурда Премьер-министр Садыр Жапаровго өткөрүп берген эле. Эми ал президенттик креслого олтурганга укугу жок.

Жогоруда айтканымдай, Садыр Жапаровду жек көргөндөр спикерди сөзсүз өзүнүн адамдарынан шайлаганы аракет кылышат. Азыр Жогорку Кеңештин басымдуу көпчүлүгү кечээги шайлоодо элдин нааразычылыгын туудурган «Биримдик», «Кыргызстанга» окшогон партиялардын курамына кирген депутаттар олтурушат. Аларды «Бир-Бол» партиясы, «Социал-демократтар» жана «Ата-Мекен» партиясы колдоп беришет. «Өнүгүү-Прогресс» партиясы гана ойлонуп калышы мүмкүн.

А алардан шайланган спикер президенттин милдетин аткарууну баштаганда эмне болуп кетишин бир гана Аллах жана өздөрү билишет! Ошондуктан спикер креслосу азыр саясатчылардын көпчүлүгүнүн тагдырын чечип коюшу ыктымал, ошон үчүн жан талашып жатышат.

-Ким спикер болушу мүмкүн? Спикерликке аты аталып жаткан Талант Мамытов ыңгайлуубу же баарынан мыйзамдуулукту жогору койгон Мыктыбек Абдылдаев татыктуубу?

-Эгер Садыр Жапаровдун жана Камчыбек Ташиевдин азыркы Жогорку Кеңешке күчү, таасири жетсе, анда албетте, эски досу Талант Мамытовду спикерликке алып келгени аракет жасашат. Анткени, ал ишеничтүү, кыйын кырдаалда текшерүүдөн өткөн. Үчөө Атамбаев кезинде чогуу камалышкан, соттолушкан.

Эгер Талант Мамытовду спикерликке өткөрө алышпаса, анда Мыктыбек Абдылдаевдин талапкерлиги каралышы мүмкүн. М.Абдылдаев - бир гана кесипкөй юрист, таза саясатчы, даанышман адам гана эмес, ал интригалардан алыс чынчыл, калыс адам. Эл да ага ишенет. Ал көтөргөн маселелерди туура кабыл алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости