www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору, акыйкатчы институту, "Бир Дүйнө-Кыргызстан" укук коргоочулар уюму ушул жылдын 22-сентябрынан 23-октябрына чейин Чүй облусунун аймагындагы убактылуу кармоочу жайларга профилактикалык иш-чараларды жүргүзгөн. Иш-чаранын максаты адам укуктарынын сакталышы, COVID-19 эпидемиясына каршы даярдык, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган.
Анда СИЗОнун камераларында, камера тибиндеги бөлмөлөрдө болушкан. Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбору жыл сайын Жогорку Кеңешке берген отчетторунда СИЗОдо жана камераларда абал өтө канааттандырарлык эмес экенин айтып келишкен. Ага мисал катары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын айрым мекемелериндеги жаза өтөөчү жайларындагы сүрөттөр сунушташат.
28-октябрда иш-чаранын жыйынтыгы чыгарылган. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылган маалыматтарды чындыкка дал келбестигин билдирген. "Укук коргоочулар абакта кармоо режимин одоно бузгандыктары жана соттолгондордун коронавирус инфекциясын массалык жуктуруп алган фактылары негизсиз. Коомдо жана соттолгондордун туугандарынын арасында дүрбөлөң жаратып, ошону менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелериндеги ыкчам кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн жасалма шарт түзүп жатышат", - деп билдирген ЖАМК.
Булак: NazarNews.kg