www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Ташболот Балтабаев менен спикерди шайлоо жана эки ача пикир жараткан маселелерди талкууладык.

-Ташболот агай, укуктук талаага келиш керек. Референдумдан мурун шайлоо болуш керек деген эки ача пикир жараткан маселелер жаралып, түрдүү пикирлер айтылууда. Бул маселе боюнча кандай ойдосуз?

-Азыркы бийлик формалдуу мыйзам талаасынан чыгып, бийликке келгенден кийин азыркы реформасын кайра формалдуу мыйзам талаасына кирбей туруп эле, маселени  элдин чечими  менен жаңы мыйзам талаасын түзүп алдыга кетсе болмок. Анткени, Конституцияда бийликтин булагы эл деп жазылып турат го. Азыр БШКсы баш болуп колу-бутун эски мыйзамдар менен тушап салды. Ошондуктан ар бир нерсенин логикасын унутпаш керек. Эгерде эртең Садыр Жапаров легитимдүү бийликти төңкөрүш менен басып алды, аны камаш керек деген күчтөр чыкса, таң калбаш керек. Кырдаал ушундай.

Эл 5-октябрда эмнеге толкуду? Биринчи кезекте бийликти түптөө жолдорун өзгөртүүнү талап кылды. Менин түшүнүгүмдө эл бийликтеги адамды эмес, бийлик системасын өзгөртүүнү талап кылып чыкты. БШК жана башка кызыкдар күчтөр формалдуу мыйзамга жамынып, эски жол менен эле кете беребиз деген аракеттерди жасап жатышат. Азыркы депутаттар, юристтер эски системаны өзгөртпөй эле жаңы адамдарды алып келели деп жатышат. Башкача айтканда, орун алмашкандан сумма өзгөрбөйт деген жөнөкөй түшүнүктү юристтер түшүнбөй жатканы таң калтырат. Бийликтин маңыз-мааниси системада. Эгер чирик системага алтындай адамды олтургузсаң да 2 жылда ажыдаарга айланат.

-Садыр  Жапаров президенттик шайлоого барса, мамлекет укуктук жактан туңгуюкка кептелеби?

-Мен жогоруда логика боюнча кандай болушу керек экендигин айттым. Калган тупик, туңгуюктар жөнүндө Садыр Жапаров жана анын жан-жөөкөрлөрү ойлонушсун.

-Спикерди кетирүүгө кол топтоо башталыптыр. Талант Мамытов Исаевди эрден оодара алабы?

-Кимиси куу болсо же жогортодон кимисине ишаарат болсо ошонусу татыктуу болуп калат. Бирок,  Мамытов менен Исаев кечээки шайлоодо бир партия менен шайлоого барышып, чогуу Сокенин батасын алышып жүргөн өнөктөштөр эле го. Эми спикерликти экөө талашып жатканы кызык болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости