www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"NazarNews" маалымат агенттиги мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акунга кайрылып, суроолорубузга жооп алдык.
- Турсунбек агай, акыркы мезгилде эмнегедир коомчулукта “Азаттык” радиосуна болгон сын күч алды. Алар чындап эле калыстыктан тайдыбы же жөнү жок каралообу?
- "Азаттыктын" ишмердүүлүгү мен билгенден 1990-жылдары түзүлүп, элдин сүймөнчүлүгүнө айланган. Андагы "Азаттык" менен азыркысынын айырмасы асман менен жердей. 1990-жылдары Кыргызстанда демократиясынын жел аргысы жүрүп жатканда, эгемендүүлүктүн алдында, “Азаттык” радиосун тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин жетектеген. Ал кезде радио Америка университетинин жанындагы 4 кабаттуу имараттын бир бөлмөсүндө гана турчу, анда Тынчтыкбек менен Айнура деген гана кыз иштечү. Эки киши гана тоодой жүктү көтөрүп, барандуу ролдорду ойногон. Анда демократиянын, акыйкаттыктын жарчысы катары кызмат кылчу. Азыркыдай бир жактуу эмес, калыс, бейтараптуу маалыматтарды таратчу. Айтайын дегеним,1990-жылдары абдан кыйчалыш учурлар көп болду. Легендарлуу парламент ишке кирип, президент шайланды, гимн, герб кабыл алынды. Улуттук валютабыз сомду киргиздик. Кыргызстанда биринчи демократиялык кыймыл пайда болду. Коммунисттер менен демократтардын ортосунда көптөгөн тарыхый кармаштар, пикет, митингдер пайда болду. Ошондой мезгилде "Азаттык" акыйкаттыктын үнүн угузуп турду. Кыскасы, Аксы окуясында дагы түрдүү катмардын үнүн элге жеткирип турду. Токтогулдан камалганыбызда Жаркын Темирбаева деген эжебиз бүт маалыматтардын баарын берип турду. Тынчтыкбек Чоротегин, Нарын Айып, Кыяс Молдокасымовдор жетектеп турганда "Туура эмес пикирлер айтылды, калыстыктан тайдың" деген дооматтар айтылган эмес. Революцияларда да дагы калыс чагылдырып, акыйкаттыктын жарчысындай таасир калтырчу.
- А азырчы?
- А азыр болсо кеңсесине барсаң журналисттердин, техникалардын көптүгүнөн, офисинин чоңдугунан башың айланат. Студияларынын баары келишкен. Акыркы үлгүдөгү жабдуулары менен жабдылган. Бирок, баягы чындыкты айткан, акыйкаттыктын жарчысы болгон келбети жок. Алар Америка конгрессинен каржыланганы үчүнбү, айтор, кыргыз бийлигине кийлигишкен, Американын таасирин ишке ашырууга аракет кылган материалдарды даярдап калышты. Азыркы жетекчиси бир жактуулукка, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүшкөнү менен оркойгон чоң катачылыкка жол берип жатат. Журналисттери объективдүү, калыс, бейтараптуу деген принциптерден четтеп кетти. Түрдүү темага кайрылышканы менен бир жактуулукка жол берип жатышат. Айтайын дегеним, футболисттер ойноп жатып, баары бир дарбазага топ тепкендей берүүлөрдү даярдап, бир жактуу маектерди уюштуруп калышты.
- Мурун “Азаттыктын ” талкуусуна катышуу, ал жакта журналисттердин суроолоруна жооп берүү сыймык беле?
- Албетте, мурун “Азаттыктын” талкууларына катышып ырахат алып кетсек, азыр андай сезим да жоголуп калды. Себеби, алар өздөрүн колдогон, Американын саясатын жүргүзгөндөргө басым кылып калышты. Алар уктурууларына көбүрөөк Американын саясатын жактай турган депутаттарды, коомдук ишмерлерди чакырып калышты. Ошондой эле алар Американын кызыкчылыгы үчүн Райымбек Матраимовдун артынан түшүп, бир жактуу каралаган маалымат берип жатышканы ачыкка чыкты.
- Америка эмне үчүн кыргыз бийлигине таасирин тийгизүүгө аракет кылып жатат деп ойлойсуз? Себеби эмнеде?
- Себеби, Америка Кыргызстанды башкарып алууну көздөп жатат. Анткени, Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин чок ортосунда жайгашкан географиялык, регионалдык таасири күчтүү мамлекеттердин бири. Бир жагынан Кытайга жакынбыз. Экинчи жагынан Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстанга чукулбуз. Кыскасы, Орто Азиянын чок ортосунда турган демократиянын аралчасы деген мамлекетпиз. Ошон үчүн Америка биздин ички ишибизге кийлигишип, дүйнөгө таасир этүү аракетин көрүп жатышат. Бизди өздөрүнө тартып алса, башка мамлекеттерди дагы багынтып, максаттарына жеткенге жол ачылат. Американын максаты мына ушундай. Аны ишке ашыруу үчүн жан талашып жатышат. Ал эми "Азаттык" болсо, Кыргызстандын кызыкчылыгы эмес, Американын кызыкчылыгын ишке ашырган материалдарды даярдап жатат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg