www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көптөн бери кумга сиңген суудай, карааны көрүнбөй калган укук коргоочу, Кыргызстандын мурдагы Акыйкатчысы, айтылуу Турсунбек Акун саясий аренада кайрадан пайда болуп, адам укугу, демократиялык баалуулуктар тууралуу маселе көтөрө баштады.
Айталы, 25-сентябрда Турсунбек Акун жетектеген “Консолидация жана диалог кыймылы” Бишкектеги “Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели” деген жыйын өткөрүп, акыркы учурларда бийлик тарабынан активист жарандарга, оппозициялык күчтөргө жасалып жаткан мыйзам бузууларды сынга алды.
Турсунбек Акун өлкөдө адам укуктары чектелип, Баш мыйзамдын бир нече беренеси бузулуп жатканын айтып, буга камакта отурган саясатчы жана активисттердин ишин мисал кылды.
Ал бул туурасында: "Бийлик өкүлдөрү да, оппозиция да биздин жыйынга келбей атат, эки тарап тең сүйлөшүүгө барбай жатат. Эрегиштен эр өлөт дейт. Эгер мындай улана берсе, баягы эле төңкөрүш болот. Азыр канчалаган кишилер оюн айта албай калды. Убагында демократия үчүн күрөшкөнбүз. Парламентте сүйлөп, бийликти сындап турган көрүнүктүү депутат Мадумаров камалып атат. Активист Адилет Балтабай жакында эле чыкты. Биз ушул маселелерди айтып атабыз, келгиле, ушуларды чечели, бири-бирибизди укканга үйрөнөлү деп атабыз", - деп билдирди.
Булак: NazarNews.kg