www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-сентябрда Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков Кыргызстанга кайтып келди. Балбан мырза NazarNews маалыматтык агенттигине берген маегинде жеңишке биримдикке жеткенин айтат.

"Баарыбыз биргеликте иш алып барып жеңишке жетиштик. Кудайым буюрса, ушул эле формада эч бошобой Азия оюндарына чыгабыз. Ал жактан дагы колубуздан келген аракетибизди жасап, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөткөнгө аракет кылабыз", - дейт балбан.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болуп, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ошондой эле балбан Дүйнө чемпиондугунан кийин өзүнүн салмак категориясында биринчи орунга чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости