www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын Өкмөт башчысы Никол Пашинян Россияга таарынычын билдирип, 24-сентябрь жекшембидеги телекайрылуусунда армян-орус аскердик кызматташтыгын сынга алып, Москвага ишеним артууга болбой турганын айткан.

Ал өз сөзүндө: "Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана армян-орус аскердик-саясий кызматташтыгынын инструменттери Армениянын тышкы коопсуздугун коргоо үчүн жетишсиз экени баарыбызга айкын болду", - деп билдирди.

Мындай кескин сын, таарыныч Тоолуу Карабакты Азербайжан толук өзүнө каратып алган соң айтылды.

Баку Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакты 20-сентябрда толук көзөмөлгө алганы жарыялаган. Андан бери аймактагы миңдеген армян тектүү калк Арменияга көчө баштады. Оппозиция бийликти сындап, Пашиняндын отставкасын талап кылган митингдерди өткөрүп жатат.

Бүгүнкү күндө Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан Арменияга жер которгондордун саны 6650 адамга жеткенин армян өкмөтү 25-сентябрда маалымдады.

Ал эми Пашиняндын кайрылуусун Россиянын Тышкы иштер министрлиги "Москвага каршы кабыл алынгыс чабуул" деп сыпаттады.

Министрлик дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүдө Пашинян акыркы кырдаалга байланыштуу "күнөөнү Москвага оодарып, ички жана тышкы саясаттагы мүчүлүштүктөр үчүн жоопкерчиликтен арылуу аракетин көрүп жатканы" белгиледи. 

Кремль Пашиняндын акыркы кадамдарын "Батышка ыктоо" катары мүнөздөп, Москва дайыма ишенимдүү союздаш болгонун, Ереван ката кетирип жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости