www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 26-сентябрда Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов өлкөгө кайтып келди. Балбан мырза NazarNews маалыматтык агенттигине берген маегинде ар бир беттеш кыйын боло турганын айтат.

"Негизи эле беттеш жеңил болбойт. Чемпионатты жаракатсыз жана ийгиликтүү жыйынтыктадык. Алдыда Азия, Олимпиада оюндарына талыкпай мээнет кылып даярданабыз буюрса", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетип, "Париж-2024" жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Ошондой эле балбан Дүйнө чемпиондугунан кийин өзүнүн салмак категориясында биринчи орунга көтөрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости