www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Курултайда көтөрүлгөн маселелер делегаттардын купулуна толдубу?

- Элдик курултай жогорку деңгээлде өттү. Беш жүздөн ашуун делегаттар келди. Кыргыздын улуттук кийимин кийип келген делегаттарга кыргыз жыттанган курултай, курултай өткөн Айкөл ордо жарашып, бири-бирин толуктап турду. Курултайда көтөрүлгөн маселелер да олутту болду. Алгач курултайдын аткаруу комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев бир жыл үч айдын ичинде эмне иш менен алек болгонубуз тууралуу доклад жасап, кандай жыйындарды өткөргөнүбүз, кандай маселе көтөргөнүбүз боюнча маалымат берди. Андан кийин кен тармагындагы коррупциялык схемалар, Кыргызстандын үлүшү боюнча Айбек Мырза доклад жасады. Сот системасындагы реформа, коррупция менен күрөшүүдө мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча Байтемир Ибраев доклад жасады. Андан кийин Кой-Таштагы окуя боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын төрагасы Улукбек Маматаев маалымат берип, анын доклады эл тарабынан жакшы кабыл алынды. Кыскасы, бир жыл үч айдан бери курултайдын аткаруу комитети адам укугунан баштап, кен тармагындагы алешемдиктерге да кайдыгер карабай, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюу зарылчылыгын айтып келди. Ошондой эле Атамбаевдин доорунда саясий куугунтукка алынгандарды эркиндикке чыгарууга да салым кошту. Жасаган ишибиз кагаз жүзүндө калбай, колдоого алынып турду. Кечээги курултайда дагы мамлекеттин ишин илгерилетчү чечимдер кабыл алынды. Алсак, мамлекетке зыян келтирип, качып кеткендер Кыргызстанга алынып келинсин, экологиялык коопсуздукту күчөткөн мыйзамдар кабыл алынсын, жогору жактагылар кен байлыктар маселесиндеги коррупцияны мурдагы бийликке шылтабай тиешелүү аракеттерин көрсүн деген чечимдер чыкты. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун саясаты ар тараптуу колго алынып, жалпы иш чарага айлансын дешти.

- Кой-Таш окуясы боюнча уюшулган Коомдук комиссиянын чечимине бийлик реакция кылабы же билмексен болуп коёбу?

- Бийликтегилер сөзсүз реакция кылат деп ойлойм. Анткени, Коомдук комиссиянын корутундусу бир жактуулуктан алыс. Эки тараптын тең катачылыгы баса белгилениптир. Тагыраагы, 2019-жылдын 7-8-августунда элдин кызыкчылыгынан Атамбаев өз кызыкчылыгын жогору коюп, жоопкерчиликтен качыш үчүн мыйзамды тебелеп-тепсеп, суракка келбей, мамлекетти басып алууга аракет жасап, баш аламандыктарды уюштурганы айтылды. Ошондой эле анын туура эмес аракетинин натыйжасында УКМКнын кызматкери каза болгону баса белгиленип, анын өлүмүнө Атамбаев жана анын тарапташтары жоопкер экени айтылды. Ошондой эле Кой-Таштагы каргашалуу окуяда күч органдарынын операцияны уюштурууда чабалдыкка, баш аламандыкка жол беришкени үчүн адам өлүмү орун алганын, ошон үчүн кураторлор жана УКМКнын башчысы ошол окуяда негизги маселе -чечүүчү ролдо турган укук коргоо органдарынын жетекчилерине чара көрүү сунушталып, операцияда баш аламандыкка жол берилгени үчүн адам өлүмү менен жыйынтыкталганын катуу белгилешти. Курултайга президенттин өкүлү катары катышкан президенттик аппараттын биринчи орун басары Алмаз Кененбаев сунуштардын баарын жазып отурду. Ал көтөрүлгөн маселелердин баарын аппарат жетекчисине жана президентке жеткирүү милдетин алды.

- Референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүп, шайлоо ситемасын эл каалагандай кылабыз деген арактиңерден майнап чыкчудайбы?

- Буюрса майнап чыгат деген ишенимибиз бар. Мөөнөтү бүтүп бараткан Жогорку Кеңеш биз сунуштаган мыйзамды колдоп берет деген ишеничибиз бар. Айтайын дегеним, спикер Дастан Жумабеков менен жолукканыбызда дагы колдоочудай таасир калтырды. Буюрса, Конституциялык реформага байланыштуу референдум дайындоо боюнча мыйзам долбоору колдоо табат, президент да колдойт деп ойлойм. Президенттин курултайга көзү түз болгон үчүн курултай бут тосууга туш болгон жок деп эсептейм. Крултайда кандайдыр бир деңгээлде бийликти сындап жатсак да, мамлекеттик маалымат каражаттары чагылдырды. Бул да жакшы жышаан.

- Бекназаров кетип, курултайдын иши солгундап калбайбы?

- Бекназаров кетсе эле Курултайдын иши токтоп калбайт. Албетте, Бекназаровдун өзүнүн орду, аткарган кызматы, кошкон салымы зор. Бирок, Курултайдын аткаруу комитетинин мүчөлөрү Бекназаровдон кем эмес эмгектерди жасап келдик. Буюрса, мындан ары да Курултайдагы маселелер көз жаздымда калбаш үчүн колдон келген аракеттерди көрөбүз.

Булак: "Майдан.kg" 

Последние новости