www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын Запорож облусунда акыркы аптада эле сасык тумоо өөрчүп кеткенден улам үч адам каза болду. Ал эми оору башталгандан бери өлкөдө 26 адам көз жумгандыгын OBOZREVATEL билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-февралда Запорож облусунун 68 жаштагы тургуну эки тараптуу пневмониядан каза болду. 10-февралда сасык тумоодон ошол эле облуста 69-жаштагы аял жана 15 жаштагы кыз көз жумган. Январь айында сасык тумоодон 6 жаштагы кыз менен кош бойлуу аял каза болгон. Украинада жалпы оору 56 пайызга көтөрүлгөн.
“Бир окуяда бул пандемиялык тумоо А (H1N1). Ал эми үч окуя А тумоосу тастыкталган. Акыркы окуянын натыйжасын күтүп жатабыз”,-деп эпидизилдөөнүн бөлүм башчысы Марина Колерова билдирди.
Дарыгерлер бул жылы Украинада “чочко тумоосу” деп аталган А (H1N1) тумоосу чыкканын айткан.
“Ал оору адамды алсыратып, адамдан адамга бат жугат”,-деп Марина Колерова түшүндүрдү.
Мындан сырткары, дарыгерлер көбүнчө оору жаш балдарга, кош бойлуу аялдарга, кант диабети, астма, ашыкча салмактуулар, жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандарга жугарын кошумчалашкан.
Булак: NazarNews.kg