www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Турсунбек мырза, Садыр Жапаров жабырлануучусу жок эле камалганы баарыбызга белгилүү. Ал тургай, Садыр Жапаровго каршы көрсөтмөнү да күч органдары ур-тепки менен алышканы ачыкка чыкты. Жогорку сот адилеттүү чечим чыгара алабы?
- Негизи Садыр Жапаров саясаттын курмандыгы болгонун, күнөөсү далилденбесе дагы, жабырлануучу жок болсо да камакка алынганын элдин баары билет. Ал тургай, анын көрсөтмөсү менен барымтага алынды деген Эмилбек Каптагаев да “дооматым жок. Мен барымтага алынганда Садыр Жапаров Кыргызстанда эмес болчу. Садырды актап бергиле,”- деп сотко кайрылып, Садырдын ак экенин далилдөөгө аракет кылды. Бирок, тилекке каршы, жогору жактын тапшырмасы менен Жапаров камакка алынып, болгондо да күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй турган чечим чыгарып коюшту.
Бийлик алмашкандан бери сотторго жогору жактан тапшырма болбой калганын угуп, адилеттүүлүк орнойт деп ишенип жатам. Кудай буюрса, соттор адилеттүү чечим чыгарса, Садыр Жапаров эле эмес, саясый куугунтуктун негизинде камалгандардын баарынын иши каралып, эркиндикке чыгышына жол ачылат деп үмүт кылам. Анткени, Атамбаевди сындап койгон кишинин баары эле эл душманы эмес да. Алар Атамбаевдин катачылыгын байкап, айтышканы үчүн күнөөлүү эмес да. Элине күйгөнү үчүн президентти сындашты да. Мен да учурунда Атамбаевге “акылыңа кел, ошолордун күнү сенин да башыңа түшүп калбасын, туура чечим кабыл ал, адамдын убалына калба”,- деп бир канча жолу айттым. Бирок, жыйынтык чыгарган эмес. Бүгүн саясий куугунтук жеген саясатчылардын башына түшкөн күн Атамбаевдин башына түшкөнү калды.
- Жигит ала качып бараткан жеринен токтотулуп, ички иштер бөлүмүндө ал баланын колунан каза болгон Бурулайдын окуясы көп адамды ойго салды. Сиз акыйкатчы болуп турганда ала качкандарга каршы чыктыңыз эле. Эмне үчүн адам өлмөйүн мындай нерселерге маани берилбейт, жетиштүү чара көрүлбөйт?
- Туура, мен акыйкатчы болуп иштеп турганда жылына 16 миң кыз ала качылып, көпчүлүгү бактысыз болуп, өз жанын өзү кыйган учурлар болоорун иликтегенбиз. Ала качуу салт эмес, кылмыш экенин далилдегенбиз. Тилекке каршы, ал маселе менен башкалар баш ооруткусу келген эмес. Ошон үчүн жүрөгүбүз титиреткен окуяга туш болдук. Бурулайдын өлүмү кыз ала качууга бөгөт коёт окшойт. Өкүнүчтүүсү, ал өлгөнчө эле андай иштерге тыюу салып, баарыбыз киришкенде Бурулай да аман калып, өз теңин тапмак. Ала качуунун курмандыгы болмок эмес. Туура, Бурулайдын өлүмүнө эч ким кайдыгер карай алган жок. Президент баштап, аза күтүп, тийешелүү тапшырмаларды берди. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кызматтык иликтөө жүргүзүп, 23 кызматкерди иштен алды. Бирок, аны менен маселе чечилип калбаса да, башкаларга сабак болот деген ойдомун.
- Турсунбек мырза, эмне максат менен сый мамилени калыбына келтирүү демилгесин көтөрүп жатасыз? Кимдир бирөөнүн тапшырмасын ишке ашыруунун аракетин көргөн жоксузбу?
- Эч кимдин деле тапшырмасын аткарып жаткан жокмун. Көптөн бери жүрөгүмдү өйкөп, ойго салып жүргөн маселени коомчулукка алып чыгайын деп чечтим. Бул маселени көтөрүп чыгаарда көп ойлондум. Себеби, мен көп нерсени көрдүм. Митингге да чыктым. Көпчүлүк сыяктуу адилеттик издеп, азап да тарттым, ыйлаган кишинин көз жашын да аарчыдым. Президенттерди ачуу сөздөр менен сындадым, демократиянын өнүгүшүнө да салым коштум. Ошондой болсо да эл менен бийликтин ортосунда сый мамилени калыбына келтирели деген ойго кептелдим. Билем, мени сындашат. Ар ким ар нерсе деп жазат. Бирок, ушул маселени сынга кабылсам да, көтөрөйүн деп чечтим. Анткени, курагым да ар бир нерсенин баркын, баасын биле турган мезгилге келди. Аны да, башкасын да эске алып, “сый мамилени калыбына келтирели, бири-бирибизге аяр мамиле кылалы, улуу элдин, кагандын тукуму экенибизди эске алалы, эски салтты улайлы”- деген ойдо айтып жатам. Эл бийлик өкүлдөрүн ашыкча сындабаса, иштешине шарт түзсө, бийлик өкүлдөрү элден ыйбаа кылса, мамлекетибизге кут конуп, тынчтык орноп, ишибиз илгерилейт беле деп ойлойм. Анткени, ырыскы да, тынчтык өкүм сүргөн жерге келет. Мамлекеттин кутун качырбай, ушундай жолду тандасак жаман болбос эле деп ойлойм.
- Эл бийликке каяша кайрыбай, сындабай калса эле баары жайында болуп, бийликтегилер камчы салдырбай иштеп, өз жоопкерчилигин сезип калабы?
- Бийликтегилер да ошол сыйды түшүнүп, ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, эки жаат болуп урушпай ынтымакта иштеп, коррупциядан алыс болуп калабы деген үмүттөмүн. Анткени, элдин урмат-сыйынан жогору жактагылар иштебей койбой турган абалга жетсек жакшы болот эле. Журналисттер да сындаган кишисин карикатура кылбай, алгач өздөрүнө кайрылып, туура эмес аракетиңерди токтоткула. Болбосо, “шылдыңдаган сүрөт менен чыгарабыз”- дешсе, чиновниктер да тизгинин тартып, оңолуу жолуна түшмөк беле деген ойдомун.
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Майдан.кж"