www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылдын биринчи июнуна Бишкек шаарындагы “калк” категориясынын керектелген электр энергияга болгон дебитордук карызы 67,8 млн.сомду түздү. Электр энергиянын аралыктан өчүрүүлүшүнө кабылбаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт.

“Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Келе жаткан жайкы өргүү мезгилдерине байланыштуу бардык төлөм терминалдарынан электр энергияга алдын ала төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга чакырабыз, бул сиз эс алууга кеткениңизде дагы электр энергияңыз өчүрүлбөшүнө кепилдик болот. 

«Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Северэлектро” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

«Северэлектро» ААК басма сөз кызматы

Website: se.kg

wwwfacebook.com/ОАО «Северэлектро»

Одноклассники: https://ok.ru/oao.severelektro

YouTube: распредкомпанияСеверэлектро

E-mail: [email protected]

Tel:  +996 33 85 97

Fax: +996 33 87 38

Булак: NazarNews.kg

Последние новости