www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Адам укуктарын коргоо боюнча бардык 44 берене жаңы Конституцияда калтырылышы керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда коомдук ишмер Турсунбек Акун Конституциялык кеңешменин жыйынында билдирди.
Учурдагы Баш мыйзамда, анын айтымында, адам укуктарын коргоо боюнча 44 берене болсо, азыр алардын саны 37.
Турсунбек Акун ошондой эле учурдагы Баш мыйзамда аралаш башкаруу өкүм сүрүп жатат деп белгиледи.
«Долбоорду изилдеп чыктым, ал күчтүү президент жана күчтүү парламентке алып келет деп ойлойм. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекет башчы аткаруу бийлиги болот деген сунуш киргизилди. Бул чоң жоопкерчилик. Эч бир президент мындай кылган эмес. Демек, эгемендүүлүк жылдарында бизде 33 премьер-министр болгон. Парламент премьер-министрди мынчалык көп алмаштыра албайт. Президент өзү өкмөттүн башында болот», – деди ал.
Булак: NazarNews.kg