www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов мыйзамсыз баюу фактысы менен камалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Айтмаматов кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, Түштүк-Батыш бажысындагы товарларды туура эмес декларациялап, коррупциялык схемаларды, товарлардын «жалган транзитин» уюштуруп, натыйжада жашыруун киреше таап турган.

Ал болжол менен 4,5 миллион долларга бааланган 30дан ашык элиталык батирди, 1 млн долларга бааланган 10дон ашык унааны мыйзамдаштырган.

Ошол эле учурда көмүскө кирешенин бир бөлүгүн «К.С.И.» жана «Р.К.» курулуш компаниялары аркылуу мыйзамдаштырып, бирок негизги акциялары Нурбек Айтмаматовго таандык болгон.

Кечээ, 10-июнда Айтмаматов Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси негизинде кармалып УКМКнын убактылуу абак жайына киргизилди.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости