Түштүк Осетиянын президенти коронавируска чалдыкканы белгилүү болду
Дүйнө жүзүндө  |   |  943

Түштүк Осетиянын президенти Анатолий Бибиловдун коронавирус оорусуна чалдыкканы аныкталды. Бул маалыматты «РИА Новости» агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Бибилов коронавирустун жеңил түрү менен ооруп жатат. Мындан улам өз ишмердүүлүгүн аралыктан — онлайн режимде улантууда.

Эске салсак,  аталган өлкөнүн премьер-министринин милдетин аткаруучу да Геннадий Бекоев да коронавируска чалдыкан. Бирок анын оорусунун түрү так аныктала элек.

Эске салсак, буга чейин президенттин маалымат катчысы Дина Гассиевадан коронавирус табылганы маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями