www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

16-октябрда президенттин милдетин аткара баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) Камчыбек Ташиев жетекчи болуп дайындалды. Аны менен катар Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин Матраимов тууралуу берген суроосуна:

--Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт», - деп айтты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бул сөзүнө белгилүү саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Азимбек Бекназаров толугу менен каршы чыгып аны четке какты.

--Камчы иним, өзүңө кел! Камчы иним, сен "Райымбек Матраимовду камаймын", деп айттың. Эгерде сен калыс түрдө камаймын десең, анда сен Алмазбек Атамбаев менен Кулматовду кошо камаймын деп айт. Менин позициямды билесиң, Матраимовго болушкан жокмун. Бул коррупциялык система эл аралык системадагы коррупция! Матраимов болгону анын бир – солдаты! Алардын атамыны - Россиянын кең талаасы менен базарларында жатат. 7 жыл бою аны коргоп келген Атамбаев олтурат. Кубанычбек Кулматов эки жолу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Райымбек Матраимов болгону алардын төрт орун басарынын бирөөсү гана! Эмне үчүн Бажынын төрагасы жоопко тартылбайт? Эмне үчүн Атамбаев жоопко тартылбайт дагы төраганын төрт орун басарынын бирөөсү гана жоопко тартылат!? Президентсиз, Бажынын төрагасыз, ошондой чоң бажынын орун басары эл аралык машстабда коррупция кыла алабы, кыла албайт! Аны сен жакшы билесиң, ошондуктан баарын калыс кыламын десеңер ар тараптуу мамиле кылгыла!”, - деди Азимбек Бекназаров.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, Азимбек Бекназаровдун Райымбек Матраимов тууралуу айтканы төмөнкү тасмада толугу менен:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости