www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түстөр жашообузга кандай таасир берет?

Ар бир түстүн ар башка энергиясы бар экенин билет белеңиз? Түс терапиясы жүздөгөн жылдар мурун Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулуп баштаганын айткан изилдөөчүлөр, туура түс бир нече ооруга даба боло алаарын белгилешет. Көкүрөк рагына кабылган белгилүү поп жылдыз Кули Миногу, операция үчүн жаткан оорукана палатасын кызгылт түскө боёткон. Ал эми тун баласына кош бойлуу учурунда Бритни Спирс дагы клибине кызгылт түстүн коштоосунда тартылган. Эки жылдыз бул түстү тандаганынын себеби, түс алып жүргөн энергияга байланыштуу.

Эмоция жана аруу сүйүүнүн символу катары кыял жана коргонуу сезимдеринин бекемделишин камсыздаган кызгылт түс, бир эле мезгилде ооруну жеңилдетүүчү касиетке дагы ээ. Түс терапиясы – түс менен дененин балансын, энергиясын байланыштыруу аркылуу психикалык,  физикалык, руханий жана эмоционалдык мааниде тынчтандырууну ишке ашырат. Бул терапия байыркы убактарда эле пайда болуп, колдонулуп келген.

Тибет, Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүндө жүздөгөн жыл мурда эле колдонула баштаган терапия, мезгилдин агымы менен өнүгүп, түс толкундары адамдын организмине кандайдыр бир түрдө таасир берери аныкталган. Адамдардын күндөлүк турмушта кийген кийиминин түсү, дегеле колдонгон түстөрү алардын руханий дүйнөсү тууралуу кабар берип, жашоо образын баяндап турары далилденген.
Кызгылт-сары түс кубанычтын булагы
Сергек жашоо боюнча адис Ышык Кыргыз түстөрдү пайдалануу үчүн алардын маанисин жана жашоодогу ордун билүү керектигин айтат. “Түстөрдү жөн гана жашоодогу тондор сыяктуу эмес, бизге берилген энергия катары карашыбыз керек. Ар бир түстүн өзүнө тиешелүү мааниси бар. Анткени, баары түрдүү толкундук өлчөмгө ээ. Ар башка толкундук өлчөмгө ээ болгону үчүн ар башка энергия алып жүрүшөт. Мисалы, бүтүн түстөрдүн түпкү булагы аталган ак түс – жашоого байланышкан кубулуштардын эволюциясы болуп саналат.

Адистин айтуусу боюнча кайгылуу окуяларды баштан өткөрүп, эч жакка чыгууну каалабагандар сөзсүз кызгылт-сары түстө кийиниши зарыл. Ал түстүн энергиясын алуу менен абал өзгөрүүсү мүмкүн. Ал эми депрессия, тынчсыздануу, ачуулануу сыяктуу абалдарда кызыл же кызгылт-сары түстү колдонбогону жакшы.

Түстөр организмди тазалоо үчүн дагы колдонулат. Мисалы, кан басымы көтөрүлгөн же температура жогорулаган мезгилде көк түс колдонулса, кан басымы калыбына келип, температуранын түшөөрү байкалган. Ал эми кан басымы түшүп кеткен учурда, кан айлануунун бузулушу жана муун ооруларына кызыл, ичеги-карын ооруларына сары түстү колдонуу пайдалуу экендиги белгилүү болгон. 
Ал эми кызгылт түс, тынчтандыруучу касиети менен ооруларды жеңилдетет. Түстөрдүн энергиясын пайдалануу үчүн сөзсүз эле ал түстө кийинүү шарт эмес. Ышык Кыргыздын айтуусу боюнча ал түстү элестетип, ойлонуу менен дагы энергия алууга болот.

Жаратылыштагы бардык түс толкундары тиешелүү энергияга ээ. Ал эми түстөн алынган энергия адамдын психологиясына таасир берери билинген.
Кызгылт-сары: кубаныч тартуулоочу түс. Экстроверт, жандуулук, толкундануу сезимдерин жандантат.
Көк: интуициянын түсү. Ички жымжырттык, сүйүү, бейпилдик, токтоолук жана тынчтык сезимдерин бекемдейт.

Кызыл: жандандыруучу түс. Мотивация, энергия, энтузиазм, шаң, жылуулук жана сүйүү сезимдери, кан басым жана температураны аракетке келтирет.
Жашыл: ишенимдин түсү. Бөлүшүү, жоомарттык, бейпилдик, токтоолук, психикалык жана руханий жактан активдүүлүк көрсөтөт.

Күрөң: урматтуулук жана лидерликтин түсү. Билим, окуу, маданият, искусство, өзүнө ишенүү жана туруктуулук сезимдерин бекемдейт.
Кара-көк: гармония жана ийгиликтин түсү. Токтоолук жана тынчтык сезиимдерин бекемдейт.
Кызгылт: эмоция жана аруу сүйүүнүн түсү. Кыял, коргонуу сезимдерин бекемдөөдө активдүү.
Кызгылт-көк: руханий дүйнөнүн түсү. Тектүүлүк, тең салмактуулук, өзүнө болгон ишеним, токтоолук жана тынчтандыруучу сезимдерди бекемдейт.

Сары: акыл-эстин түсү. Үмүт, илхам жана башкаруучулук сезимдерин бекемдейт.
Кара: күч жана индивидуалдуулуктун күчү. Берилгендик, амбиция, өжөрдүк жана оппозиция сезимдери активдүү. Үйдө кара түстөн алыс болуңуз.

Түстөрдү туура колдонуу менен жашообузду жакшы жакка бурууга болот. Ышык Кыргыз, бир түскө көпкө байланбоо керектигин белгилеп, мындай дейт: “Мисалы, дайыма көк түстү колдонсоңуз, өзүңүздү жалкоо, оор сезе баштайсыз. Кызыл түстү дайым колдонуу да агрессивдүүлүккө алып келет. Бирок, бул сиз жактырган түстөн узак убакыт алыс туруу дегендик эмес, албетте. Эгер көк түстү жакшы көрсөңүз, аны кызгылт-сары менен тең салмактоого болот. Көк түстөгү кийим менен кызгылт-сары түстөгү аксессуар колдонуу сыяктуу...”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости