www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Басмачы

Профессор Исмет Гиритли бир конгресске катышуу үчүн Түркиядан Италияга барып калат. Ал жерде бир грек жана армян профессорлор тынчын ала берет. Күн сайын түшкү тамак учурунда профессор Гиритлинин жанына отуруп алган эки профессор:

“Силер бизди 400 жыл, 800 жылдан бери эзип, колониалдык саясат жүргүздүңөр” деп айыпташат. Акыр аягында түрк профессор чыдабастан, иш-чараны уюштурган италиялык профессорго арызданат. Ал да өз кезегинде кийинки түшкү тамакты бирге жейли деп сунуш берет. Тамак учурунда күндөгүдөй эки профессор дагы эле Исмет агайга чабуул коюп, болбогон айыптар менен тийише баштайт. Анда италиялык окумуштуу Грециядан келген кесиптешинен:

-Силер түрк бийлигинин астында канча жыл жашадыңар?-деп сурайт.

-400 жыл.

-Кайсыл тилде сүйлөшүп жатасыз?

-Грек тилинде.

-Кайсыл динди тутунасыз?

-Православ христианчылыгын.

Андан соң армян профессорго бурулуп:

-А сиздер түрк бийлилигине канча жыл моюн сундуңар?-деп кайрылат.

-800 жыл.

-Кайсыл тилде сүйлөшүп жатасыңар?

-Армян.

-Диниңер кандай?

-Григорян христианчылыгы.

-Анда эмесе мени кунт коюп уккула. Эгерде силер 200 эле жыл Италиянын өкүмү астында жашап калганыңарда, учурда экөөңөр да италиянча сүйлөп, католик болуп калмаксыңар. Ошондуктан бул сандырак сөздөрүңөрдү токтотуп, силердин тилиңерди, маданиятыңарды жана диниңерди коргоп берген түрктөргө рахмат айтышыңар керек, рахмат.

Биздин коомдо да онунчу кылымда ислам кабыл алган кыргыз коомчулугун арабташып кетти деп айкырып чыккандар көп. Он кылымдан бери арабташпаган кыргыз, бир кылымдык орус бийлигинин тушунда канчалык өзгөрүп кеткендигин учур көрсөтүп жатат. Калктын каймагыбыз деген катмар орусча сүйлөп, өз дининен кабарсыз. Жана да өз баскынчылыгын жашырыш үчүн жергиликтүү намыскөй аталарыбызга “басмачы” наамын бергенине күйөсүн да, чиркин.
Чыныгы басмачылардан да , алар тарбия кылган “чимкирик илита” кооптуу, анткени алар элге күйүмүш болуп, манкурт сымал өз элин басмачылардай эле эзип келет.

Даярдаган: Нуриет Абдулазиз

Булак: NazarNews.kg

Последние новости