www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйдүрмөнү дарыгерлерге шак кайрылып, убагында дарылап алса болот, убагынан өтүп кетсе, бул оору да өлүмгө алып барат. Элди дүрбөтүп коркутуунун кереги жок, бирок 2020-жылы коронавирустун карааны дүйнөнү аралап, жүрөктүн үшүн алганын кантип жашырабыз? “Окшошкондон мушташкан” болуп коронавирус кор кылганы аз келгенсип күйдүрмө келатат. Бул оору менен ооругандар Орусиядан бери жылып, бизде да бирин-экин чыга баштады. Ылайым ушул жоголсо экен, анткени күйдүрмө абдан коркунучтуу инфекциялык оору, айыл чарбасындагы жана жапайы айбанаттардан жугуп, адамдарды Bacillus anthracis  бактериясы менен беймаза кылат. Бул оору чагылгандай тездик менен тарайт.

Териден тараган күйдүрмө жабык тарайт. Бул оору күйдүрмө менен ооругандардын 90 пайызы ооруйт, бул оору менен абдан жабыркап, дарыланбаса ажалга алып келет. Бул оору менен ооругандар биринчи этапта сасык тумоо жана грипп болушат. Бул симптомдор чарчатып, жөтөлтүп, демди кыстай баштайт. Бул бир сааттан бир нече күнгө созулат. Кээ бир учурда өзүнө-өзү суук тийип калыптыр деп туура эмес диагноз коюп алышып, оорулуулар экинчи стадияга чейин грипп экен деп жүрө беришет.

 Экинчи стадиясы пневмония качан инфекция өпкөгө өтүп кеткенде башталат. Экинчи стадиясы биринчи стадиясы болгон соң бир сааттан бир нече күнгө созулат. Симптомдор байкалганда температура көтөрүлөт, дем алуу оорлойт, адам шок болуп, 48 сааттын ичинде ооруган адамдар бул дүйнө менен кош айтышы мүмкүн. Бул күйдүрмө оорусунун инфекциясы ушул оору менен ооруган малдардын этин жегенден улам инфекция жугуп, канга өтүп, ичти жана ичеги карындарды сыздатып оорута баштайт, тамакка болгон табит жоголот. Мезгил-мезгили менен кан кусуп жибериши мүмкүн. Мындай бузулуулар ичеги-карында, ооздо жана тамакта болушу мүмкүн. Качан бактериялар тамак сиңирүү органдарына тараганда кан  бөлүнө баштайт.

Дарылоону дарыгер жүргүзөт. Оорулуу күнүнө 5—6 жолу аз-аздан белокко, А, С витаминдерине бай тамакты (эт, балык, быштак, каймак, май, сабиз, карагат) ичүү сунуш кылынат. Өткүр, куурулган, туздалган азыктарды, консерваларды, ичимдиктерди колдонууга болбойт. Тамак ичкенден кийин, оорулуу оозун марганцовканын мала кызгылт эритмеси, 3%түү суутектин өтө кычкылы менен чайкаса жакшы болот. Ылаңдуу малды өз убагында аныктап, өзүнчө бөлмөлөргө бөлүп, дезинфекция жүргүзүлөт. Элдин арасында санитариялык-агартуу иштери уюштурулат. Күйдүрмөнү дарыгерлерге шак кайрылып, убагында дарылап алса болот, убагынан өтүп кетсе бул оору да өлүмгө алып барат,сак бололу кыргыздар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости