www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү.  Алмазбек Шаршенович бүгүн 62 жашка толду.

Анын жеке майрамына барып куттук айтчуларга кызыккандар арбын. “Мурда жанашып жүргөндөр бараар бекен?”, “Мурда гүл эмес пул көтөрүп барчулар бул жолу алыстан болсо да куттук жолдошоор бекен?” деген сыяктуу бүйүр кызыткан суроо бергендер көп.

Чындыгында, экс-президент бийликтен кеткенден бери болуп көрбөгөндөй жээрүүгө тушуккан. Бир жагынан анын бийлиги тушундагы масштабдуу жемкордуктардын ачыкталышы коомдун жипкирүүсүн туудурса, экинчи жагынан жаңы бийликтин жигердүү аракеттеринен улам жанындагы үзөңгүлөштөрүнүн көбү катышпай калды.

Мурунку жылдары бул күнү Атамбаевди башка мамлекеттердин лидерлери куттуктап “Сиз өз мекениңизде жана чет элде чыныгы кадыр-баркка эгедерсиз” деп айтышчу. Бирок, алардын мындай комплименттери болгону дипломатиялык дежур сөздөрдүн жана расмий формалдуулуктун бири экендигин турмуш бат эле тастыктап койду.

А бирок, турмуш өзгөрүп, Алмазбек Шаршеновичтин келкели кеткени минтип анын туулган күнүнүн шаңы да өчтү. Бул жолкусуна да шүгүр кылышы керек, кийинкилери кандай болоорун, кимдер менен, кайда тосоорун бир Кудай жана бир бийлик билет деген сыяктуу пикирлер кадам сайын кездешет.

Айтса-айтпаса, 2010-жылдан 2017-жылга чейинки ири насыяларга ишке ашырылган масштабдуу долбоорлордун дээрлик баарынан жемкордуктун жыты чыгып, алардын баарынын тең изи Атамбаевдин жакын тегерегине барып такалууда. Мындан тышкары, Атамбаевди өз укуктарынан аша чаап, бийликти узурпациялап алгандыгын айткан пикирлер олуттуу саясатчылар, бийлик өкүлдөрү тарабынан тынбай айтылып келет. Мунун жыйынтыгы көпкө күттүрбөшү, тиешелүү бийлик тарабынан укуктук баа берилиши талашсыз.

Муну Атамбаев сезбей коймок беле. Аракетин кылып, өзүн “адашып жүргөн” азыркы бийликке туура жол көрсөткөн оппозиционер катары көрсөтүп, жыйган-терген миллиондорун ар жерде бош жүргөн саясатчыларды жанына топтоого сарптап жан-алакетке түшүүдө. Бирок, алардын да көпчүлүгү бүгүн экс-президентти туулган күнү менен ачык куттуктоого батына алышпайт. Анткени, алар кылчактама коркоктор. Андыктан, Алмазбек Шаршеновичтин маанайы бүгүн өтө деле көтөрүлбөшү турган иш.

Туулган күнүңүз менен, Алмазбек Шаршенович! Бүгүнкү күндү барктап-баалап, эртеңкиге көп ойлонбоңуз. Баары Кудай буйругандай болот, кайда болсоңуз да аман болуңуз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости