www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТҮЗ ЭФИР -  Депутаттар ЖКда жыйынга чогулушту

Жогорку Кеңеш Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Ализа Солтонбекованын талапкерлигин бүгүн, 25-ноябрдагы жалпы жыйынында талкууга коюлду. 

Солтонбекованы бул кызматка премьер-министр сунуштаган. Парламенттин  конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети колдогон.

Жогорку Кеңештин 25-ноябрдагы жыйынында мындан тышкары, «Өлкөнүн 2020-жылга карата бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралат.

Ошондой эле «2021-жылга карата жана 2022-2023-жылдарга бюджеттин болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору да биринчи окууга киргизилет.

Күн тартибинде «Комитеттердин курамдарын бекитүү, курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» да мыйзам долбоору бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости