www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

14:00 Биринчи май райондук сотунда Садыр Жапаровдун соту башталуу алдында турат. Жапаров сот залына алынып келинди. Азырынча отурум баштала элек. Учурда сүрөткө тартууга, видео тартууга конвойлор уруксат бербей жатат. Соттук отурум башталар алдында Садыр Жапаров "Силер сынбагыла, жеңиш биз тарапта болот", - деп залдагы жакындарына кайрылды.

Эскерте кетсек, бүгүн 23-июнда эртең менен саат 10:00дөн баштап кечки саат 16:30га чейин март айындагы Садыр Жапаровду колдоо митингинде башаламандык уюштуруду деп шектелип кармалган 12 адамдын соту болмок. Бирок сот процессти аягына чейин чыгарбай, саат 14:00дө башка процессим бар деп отурумду үзгүлтүккө учураткан. Саат 14:00дөгү отурум Садыр Жапаровдун соттук иши экен. Эске сала кетсек, буга чейин Жапаровдун мурунку соттук отурумунда кийинкиси белгисиз мөөнөткө жылган болчу.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-мартында Садыр Жапаров Казакстандан Кыргыз мамлекетине киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1-тергөө абагына камалган. 6-апрелде Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 24-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жапаровду камакта кармоо мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган болчу.

14:30 Сот жарым сааттан бери баштала элек. Сот кечигип атат. Жабырлануучу бүгүн сотко келбей калганы белгилүү болду. Мамлекттик айыптоочу "жабырлануучу Каптагаев менен байланышсам телефону өчүк экен", - деди.

14:35 Жактоочулар "жабырлануучу бул соттук иште башкы адам ошондуктан аны күтүү керек". Садыр Жапаров сотко "Буга чейинки отурумдарда Каптагаев өзү келсе аны сураган жоксуңар. Эми аны жок кезинде жабырлануучу деп атап атасыңар. Менин сизге ишенимим күндөн күнгө жоголуп баратат. Сиз жабырлануучу келген күнү улантыңыз", - деди.

Жактоочу Токтосунов "Өткөндө шаардык сотто биздин катышуубусуз Жапаровдун үстүнөн мыйзамды бузуп сот чечим чыгарды. Биздин жазган кассациялык арызды кайра кароону өтүнөбүз".

14:39 Соттук отурум башталды. Жапаровдун ишин Эмилбек Каипов кароодо. Сот тараптардын чечимдерин угуп сот отурумун улантууну чечти.

14:41 Жактоочу Номанжан Аркабаев сот Эмилбек Каипов менен кайым айтышты. "Урматтуу сот сиз ар кандай буйрукту аткара берип күнөөңүздү оорлотуп албаңыз", - деди Аркабаев. Ага жооп кылып сот "Сиз мага басым жасап жатасыз. Сизге эскертүү берем", - деди.

Жактоочу Динара Медетова: "Бүгүнкү соттук отурум убактылуу токтотулду. Себеби жактоочулар көзөмөл иретинде Жапаровдун баш коргоо чарасын кароого даттануу бергенбиз. Биздин даттанууга кат аркылуу жооп берүү үчүн соттук курам канцелярияга кетти. 15 мүнөттүн ичинде кат менен жооп беришет экен. Андан соң сот иши уланат".

14:45 Жапаровду сот залынан убактылуу алып чыгып кетти. Ал эми конвойлор Жапаровдун тарапташтарын сыртка чыгарууга аракет жасады. Нааразы болгондор чыкпай коюшту.

15:55 Садыр Жапаровду кайрадан сот залына алып келишти. Соттук отурум кайрадан улантылып баштады.

15:59 Жактоочулар мамлекеттик айыптоочуга ишеним көргөзбөй аны алмаштырууну соттон өтүндү. Сот чечим чыгарууга кайрадан сот залынан чыгып кетти.

16:05 Садыр Жапаров учурда сот залынан чыгарылбай эле тордо отурат. Журналисттер Жапаровдон комментарий алсак болобу деп суранышты. Ага конвой уруксат берген жок. Мындан улам залда отурган адамдар тарабынан нааразычылык пайда болду.

16:16 Сот Эмилбек Каипов сот залына кайтып келди. Отурум кайрадан уланууда. Сот чечимди окуп жатат.

16:20 Жактоочулардын мамлекеттик айыптоочуну алмаштыруу отүнүчүн сот канааттандырган жок. "Жактоочулардын мамлекеттик айыптоочуга ишенбөөчүлүк көрсөткөн өтүнүчүн четке кагам. Эгерде прокурор жактоочунун, соттолуучунун, соттун тууганы болсо буга негиз болмок. Бул иште мындай нерселер байкалган жок ал сотто өз жумушун аткарат жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырам", - деди сот Каипов.

16:24 Жактоочу Акин Токталиев соттун катчысына соттук отурумга өз убагында чакырбагандыгы үчүн ошондой эле жабырлануучу Эмил Каптагаевди чакырбагандыгы үчүн ишеним көргөзбөө өтүнүчүн келтирип катчыдан баш тартты. Башка жактоочулар бул өтүнүчтү колдоду, ал эми мамлекеттик айыптоочу өтүнүчтү канаттандыруусуз калтырууну сурады. Сот чечим чыгарууга кайрадан чыгып кетти.

16:26 Соттук залга Жапаровдун мурдагы кесиптеши Жылдыз Жолдошева келди. Жолдошева "Садыр сен кыргыз жигиттеринин арасында духуң бийик инсансың. Сен эч убакта сынба ар дайым бийик болгун", - деди.

16:43 Сот чечим чыгаруучу бөлмөдөн келип отурум кайрадан уланууда. Жактоочулардын соттун катчысына ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн сот канаттандырган жок. Катчы соттук отурумга катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

Жапаровдун соттук отурумунда сот катчыны алмаштыруу өтүнүчү боюнча чечимди чыгарууга кирип кетти

Булак: Супер.кж


 

Последние новости