www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент иш сапары менен Москвага барып, Путин менен жолугушуп келди. Москва карызын кечмей болуптур. Канча карыз экенибизди билбейм чынында. Бирок, дагы бир маанилүү сүйлөшүү жыйынтыгы Кыргызстан аскер күчтөрүн Сириядагы согушка жөнөтүү сунушталды. Жакында эле Өзбекстандын президенти Кытайга барып сүйлөшүү жүргүзүп, миллиарддаган долларлык инвестиция алып келген, элине керектүү. Атамбаев Кытайга барып ажалдуу жүк алып келип 40 адамдын жанын алды. Эми, Москвага барып Сирияга кыргыз аскерлерин жөнөтүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатыптыр.
Андай болсо ошо чоңдордун балдары, Атамбаевдин баласы баш болуп бирөөнүн согушунда кан кече берсин. Кыргыз жигиттерине кайрылам, согушка мажбурласа баш тарткыла. Керек болсо аскер кызматын өтөп жаткан жерден кетип калгыла. Силер өзүбүздүн ата мекенди коргошуңар керек. Атамбаевдин келишими таш капсын. Жөн кетпей кыргыздын аскерлерин кырып кетейин деп жаткан окшойт, кул мүнөз теги жок.
Дариха Ишанова
Булак: NazarNews.kg