www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Clouds Architecture аттуу Нью-Йорк курулуш компаниясы абада илинип турган сыяктуу көк тиреген көп кабаттуу футуристикалык имаратты Дубайда курууну пландоодо.

Анда атайы эс алуучу жана сыйынуучу жайлар, каржы тармагы боюнча мекемелер, бак өстүрүү жана айыл чарбасынын борбору, жер астында жүрүүчү транспорттук станицялар, дүкөндөр, ресторандар жана ар кандай көңүл ачуучу жайлар болмокчу. Clouds Architecture курулуш компаниясы:

“Албетте, баары эле абада асылган имарат бул – жөн гана кыял, фантастика деши мүмкүн. Бирок, биз мындай имаратты курууга мүмкүн экендигин жакын арада далилдейбиз. Айта кетчү нерсе, мындай курулуш дүйнөдө алгачкы жолу салынат. Ошондуктан өтө көп каражат сарптоого даярбыз. Ал имаратта ижара акысы өтө кымбат болот. Тактап айтсак, дүйнөдөгү эң кымбат ижарага берилүүчү жайлардын башкысы болуп, рекорд коюшу мүмкүн”, - деген билдирүүсүн тараткан.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости