www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурман менен ЖОЖдо чогуу окудум. Ал айылдык, жөнөкөй бала эле. Бир жолу текебер жаным ага кыйынсынып, “Эй, айылдык кочкор, башың какачтап кетиптир го, жууп алсаң боло!” деп, себеби жок тийишким келип, өктөм кайрылдым. “Курсташтарым каткырып, күлкүсүн тыя албай калса керек” деген оюм суу кечпей калды. Тескерисинче мени жаман көздөрү менен карап, туруп калышты.
Бирөөсү “Өзүңдү кара, тотукуштун куйругундай болуп боёлгон кызыл-тазыл, күйгөн чачтарыңды кара... Эмне, өзүңдү “Периштемин” деп, ойлоп жатасыңбы?” десе болобу. Анда да чычалап, алиги жигитке жете барып, жаакка тартып жиберээримде жакын курбум Айсалкын колумдан кармап, жулкунта сыртка сүйрөп чыгып кетти. Балдар-кыздар аудиторияда каткырып кала беришти.
Текеберлигим ашынып, күчөп бара жатты. Сабакка келсем келем, келбесем жок. Кыскасы, чоңдун кызы болгонум үчүн, сабактарым өзү эле бүтөөр эле. Күбөлүгүмдө “5” деген баалар бажырайып жайнаган менен, башымдын ичи көңдөй эле. Ошентип, эки жарым айдай сабакка барбай калдым. Бир күнү Айсалкын коңгуроо согуп, “Тумар кандайсың? Тигил айылдык кочкорго барып учурашып, ал-абалын сурап келбейсиңби?” деп, ойдо жок жерден айтып калды. Нурмандын айылдык жигиттердей эмес, өзүн президенттин уулундай алып жүргөнүн айткан курбума ишене бербей, “Миң уккандан, бир көргөнүм артык” деп, эмнеси болсо да, окуу жайга барууну эп көрдүм. Чач тарачка барып, кызыл-тазыл чачымды кара түскө боётуп, анан бардым. Машинемди ЖОЖдун алдына келип токтотуп, жерге түшүп, имаратка кирээримде, аңгыча болбой ээрчише эки машине келип токтоп калды. Кыз-эркеги дебей жабалактап, карап туруп калышты. Биринчи машинеден бир жигит шыпылдай түшүп келип, машиненин эшигин ача койсо, баягы жерден Нурман түшө келди. “Эмне, бул актёр Нурман Токтобаевби?” деп, жада калса мен да ага суктана карап калдым. Уяла түшүп, “Алдынан чыкпайын” деп, шак бурула, тайсалдай кулап кетүүчүдөй болуп, басып жөнөдүм.
- Кандайсың периште? – деп, арттан Нурман үн салды. Сыртта курсташтар да бар эле, катары менен каткырып калышты.
- Жакшы-ыы, - дедим, сүйлөй албай аптыгып барып. Денеме муздак суу бүрккөндөй, ичиркей түштүм.
- Киши карабайсың го... Кишиге далыңды салып тура бересиңби?.. – деди Нурман.
Артка бурулбастан ичкээри тез-тез басып, кирип кеттим. Капыр ай, мындай болуп көргөн эмес элем. Эмне эле болуп жатам?... Денем титиреп, ойлорум бир жерден жай албай, кызыктай эле болуп жаттым. Аудиторияга кирип, арткы орунга отурдум.
Мына ошол күндөн тарта, Нурманга болгон сезимдерим ойгонуп, жоопсуз сүйүүм тутанып, күчөй баштады. Баягы текебер, бой көтөрүп, эч кимди көзгө илбеген Тумар жок. Оозуна чөп албаган койдон жоош болуп калдым.
Күндөр өтүп, Нурман менин оңолгонумду байкадыбы, айтор, мени менен жакшы сүйлөшүп, дос боло баштадык. Достугубуз уламдан улам күчөп, сүйүүгө айланды. Бир күнү Нурман, ага турмушка чыгуумду сунуштады. Мен дароо макул болуп, анын сунушун кабыл алдым. Мына келет, ана келет болуп отуруп, ал күн да келип жетти. Ошол күнү чакан ресторанда биздин той болуп жаткан. Карысы да, жашы да биздин тойго келип, ак батасын берип, белектерин тапшырып жатышты.
Кайненем да кубанып, кубанычын койнуна батыра албай, столдон столго көчүп, сүйүнүп жүрдү. Жашы өтүп калса да, бийге түшүп, ичимдиктен аз-маз ууртап-татып да жатты. Анын бул кылганы эмнегедир көңүлүмө жага бербей, жаман көрүп, жек көрүү көздөрүм менен карап турдум. “Карыбадыбы, жаны жай алып, азыр отуруп калаар” десем, андай болгон жок. Баягысынан жазбай, шаттанып жүрө берди. Бир саамда чыдабай, Нурманга чыйпылыктап, “ “Апаңды тынчыраак отур! - деп койчу. Антпесе апаң мени туугандарыма, досторума шылдың кылып жатат” деп, жалынып-жалбарып жибердим. Нурман жылмая баш ийкеп, ордунан туруп жөнөдү. “Менин сөзүмдү угат экен” деп, ага ыраазы боло карап турдум. Нурман ортодо бийлеп жаткан апасына бара жатты. Келген коноктор “Ии, апасын куттуктаганы келе жатат го” деп, жардана карап турушту. Ооба, ал учурда апасы дагы ошону күткөн чыгаар. Жок, Нурман апасы кучагын ача бергенде андан өтүп барып, тамададан үн таякчасын алып, “Апам кимге керек?” деп, жардана караган элге карады. Ушул убакытта музыка да токтоду. Ызы-чуу түшкөн эл да тынчыды. Нурман “Апам кимге керек?” деп, дагы бир ирет кыйкырык сала берди. Эл арасынан “Шерменде, энесин маскара кылганы эмнеси?” деген өңдүү күбүр шыбырлар чыгып жатты. Мен болсо, ичимен эмнегедир буга ыраазы болуп турдум.
Кайненемдин сай сөөгү сыздап, кирейин десе жер катуу, өлөйүн десе жаны таттуу болуп, ааламы боздоп тургансыды. Бир убакытта “Апам мага керек... Апам мага керек!..” деп, апасына барып, аны кучагына батырды. Эне-бала элдин ортосунда ыйлап турду. Бир кезде колундагы нике шакекти чечип, “Мен сага талак бердим” деп, мага ыргытты. Апасын жетелеп, чыгып бара жатканда, атам аны билектен тарта “Себебин түшүндүрүп бер!” деп, буйруду. Нурман баарын төкпөй-чачпай айтып берди. Ошондо атам, “Кечир уулум, кечир...” деп, кайненеме карап, “Сиздей энелердин барына Аллага миң мертебе рахмат. Уулуңузду абдан жакшы тарбиялапсыз. Менин ушундай жакшы күйөө балам болгондо жакшы болмок эле... Кызым үчүн кечирим сурайм. Бул менин күнөөм, татыктуу тарбиялай албадым...” деп, атам жерге башын көпчүлүктүн алдында салып турду. Ошондо дүйнөм астын-үстүн түшүп турду. Өзүмдү өзүм жек көрүп турдум.
Нурман энесин ээрчитип, кетип бара жатканда көзүмөн жаш мончоктоп, агып турду. Акылсыз башымды жарып, жанчып салгым келип турду. Ата-энемди укпай, жаман кыз болгонума өкүнүп турдум...
Булак: "gezit.kg"