www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Жейхун Байрамов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүү учурунда тараптар 27-январда Азербайжандын Ирандагы элчилигине жасалган куралдуу кол салууну талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкеринин каза болгондугуна байланыштуу азербайжан тарапка колдоо көрсөтүп, көңүл айтып, ошондой эле окуяда жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кол салуу 27-январда саат 8:00 чамасында болгон. Кол салган адам Калашников автоматы менен элчиликтин күзөт пунктуна ок чыгарган. Тегеран полициясы кол салган адам кармалганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости