www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 15-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Казакстандын элчиси Казакбаевди тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

Ошондой эле сүйлөшүү учурунда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, алдыдагы кызматташтыкты талкуулашты. Казакбаев Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал акырындап турукташып, саясий процесстер конституциялык талаага келе баштаганын билдирди. Ал чет элдик, анын ичинде казакстандык инвестициялардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керектүү чаралар көрүлөрүн белгилеген.

Жолугушуунун аягында эки тарап кыргыз-казак мамилелери мындан ары да өнүгө берерине ишеним артарын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости