www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын кибер коопсуздук үчүн жооп берген органы хакерлер өлкөнүн өкмөттүк эки мекемесине «кеңири масштабда» чабуул коюшканын билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары 15-октябрда маалымат технологиялар уюмунун өкүлү Аболкасым Садегиге шилтеме кылып жазышкандай, айрым өкмөттүк мекемелер да чабуулдардын алдын алыш үчүн Интернет кызматын убактылуу жабышты.

Садеги кибер чабуулдар 12-13-октябрда болгонун айтып, бирок кайсы мекемелер бутага алынганын тактаган жок.

Тегеран буга чейинки кибер чабуулдарды АКШдан жана чет өлкөлүк душмандарынан көрөт. Вашингтон жана Батыш державалары өз кезегинде Иранды алардын Интернет түйүндөрүн үзгүлтүккө учуратууга аракеттенген деп айыпташууда.

Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы мамилелер 2018-жылы Вашингтон өзөктүк келишимден чыгып, Ирандын жетекчилигине кысым көргөзгөн саясатка өткөндөн кийин ого бетер чыңалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости