www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министрлиги, анын ведомствосуна караштуу уюмдар, ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн чет мамлекеттердеги мекемелери иштерин, анын катарында саясий, соода-экономикалык кызматташуу жана чет мамлекеттердеги Кыргыз жарандарынын укуктарын жана таламдарын коргоо маселелери боюнча иштерди да кадимки режимде жүзөгө ашырууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мекемеден соңку күндөрдөгү саясий окуяларга байланыштуу билдирүү жасады.

"Азыркы убакта ички саясий кырдаал укуктук нукка кайтышы менен Кыргыз Республикасынын өкмөтү, бардык мамлекеттик жана администрациялык органдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну улантуу менен штаттык режимде иштеп жатат. Тышкы иштер министрлиги, анын ведомствосуна караштуу уюмдар тиешелүү иштерди кадимки режимде жүзөгө ашырууда.

Кыргыз Республикасы өлкө жана эл үчүн болгон бул оор күндөрдө колдогондору үчүн бардык эл аралык коомчулукка, регион боюнча өзүнүн дос жана бир тууган кошуналарына, стратегиялык өнөктөштөргө жана эл аралык уюмдарга ыраазычылык билдирет.

Кыргыз мамлекети эл аралык милдеттемелерин толук карманарын жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди, макулдашууларды катуу тартипте аткарарын билдирет.

Ошол эле убакта Кыргыз тарап өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен достук өз ара мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун укуктарын коргоодо жана республиканын аймагында турган чет өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда үзгүлтүксүздүктү сактоону карманарын тастыктайт".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости