www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлер менен саясатчылардын 2019 жана 2020-жылга карата декларацияларын жарыялай баштады. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2019-жылы Боршайкомдун башчысы Нуржан Шайлдабекова 995 миң сом киреше тапкан.

Документке ылайык, Шайлдабекова аянты 67,4 чарчы метр батирге ээлик кылат, ал эми 2019-жылы болгону 70 миң сом короткон. Анын жакын туугандары бир жылда 1,2 млн сом киреше тапкан.

Ал эми 2020-жылга карата декларацияда Шайлдабекова 1 млн 194 миң сом, жакын туугандары 654 миң сом киреше көргөн. Документке ылайык, БШКнын төрайымынын наамында компьютер, аудио жана уюштуруу техникалары бар.

Нуржан Шайлдабекова 2016-жылдан бери БШКнын төрайымы. Акыркы жолу бул кызматка кайрадан 2021-жылдын 2-июлунда Боршайкомдун жаңы курамы түзүлгөндө дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости