www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үч айда 21 млрд сом салык чогулду

Мамлекеттик салык кызматы ушул жылдын январь-март айларында 21 млрд 743 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Белгиленген план 106,5 %га аткарылды же 1 млрд 320 млн сомго ашыгы менен жыйналды. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Өткөн 2020-жылдын 3 айына салыштырмалуу салыктар 4 млрд 658 млн сомго көп жыйналды. Өсүү ыргагы 127,3 %ды түздү.

Ошол эле учурда, республикалык бюджетке 17 млрд 100 млн сом салык жыйналды, план 104,4 %га аткарылды же 717 млн сомго көп чогултулду. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жыйымдар 3 млрд 901 млн сомго өстү.

Жергиликтүү бюджетке 4 млрд 643 млн сом салык түштү, план 114,9 %га аткарылды же 603 млн сомго ашыгы менен жыйналды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 757 млн сомго көп жыйналды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости